24.08.2018 09:40

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын биринчи Президентинин күмбөзүнө гүлчамбар койду

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын биринчи Президентинин  күмбөзүнө гүлчамбар койду

Түркмөнстанга болгон мамлекеттик визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын биринчи Президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы ошондой эле анын жанында жайгашкан мечитке кирип чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Эгемендик Монументине гүлчамбар коюп, сыйлуу коноктордун багында көчөт отургузду.

Визиттин программасына ылайык, Мамлекет башчысы Ашхабадда 2017-жылы өткөн жабык имараттагы Азия оюндарына карата 2015-жылы салынган Олипиадалык шаарчасын көрүп чыкты.

Визиттин соңунда Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Ашхабад текстиль комплекси менен таанышты.